www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер орус президенти Владимир Путинди Украинадан аскерлерин тез арада чыгарып кетүүгө чакырды. Штайнмайер 25-майда Штутгарт шаарында немец католиктеринин күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө Путинди Украинанын эгемендигин урматтоого жана согушту токтотууга чакырды. Бул тууралуу DW билдирди.

"Путин мырза, Украинадагы азап-тозокторду жана кыйроону токтоткула! Аскерлериңерди чыгаргыла! Президент Зеленский менен түз жана олуттуу сүйлөшүүдөн баш тартпагыла!", - деди Штайнмайер.

Штайнмайер ошондой эле Орусия Украина портторунан миллиондогон тонна дан экспортуна тоскоол болуп, дүйнөнүн көп жерлерин, өзгөчө Чыгыш жана Түштүк Африканы алдыдагы айларда ачарчылык жана өлүм коркунучунда калтырып, дүйнөлүк баалар кескин көтөрүлгөнүн эскертти.

Ошол эле учурда Германиянын президенти "Путиндин согушунун кесепеттери коронавирустук пандемиядан айыга элек өлкөлөргө жана климаттык кризистен улам топурактары куурап, кайрак болуп жаткан аймактарга таасирин тийгизет"|, - деди Штайнмайер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости