www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Голливуд актрисасы Женнифер Лоуренс сүрөт галереясынын директору Кука Марониге турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, үйлөнүү той Род-Айленд штатына караштуу Ньюпорт шаарында жайгашкан 1894-жылы курулган хан сарайда болгон. Үйлөнүү тойго 150 конок катышып, анын ичинде актриса Эмма Стоун, Эшли Олсен, Эми Шумер жана ырчы Адель дагы болгон. 
Жаш жубайлардын кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнү тууралуу 2018-жылдын жай айларында коомчулукка билинген. Ушул жылдын башында актриса турмушка чыга турганын жарыялаган. 
Женнифер Лоуренс “Оскар”, “Алтын глобус” сыйлыктарынын лауреаты. Актриса “Менин жигитим - псих” (Мой парень - псих), “Люди Икс” жана “Ачкачылык оюндары” (“Голодные игры”) тасмалары аркылуу популярдуулукка ээ болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости