www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алеппо шаарындагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери АКШ армиясын Сириядан чыгарууну талап кылып чыгышты. Бул тууралуу айтылган маалыматтарда, митингкке чыккандардын саны 2 миңден ашат.

Окутуучулардын сөзүнө караганда, Америкалык аскерлер терроризм менен көрөшүүдө Сирия күткөндөй жардам бере алган жок. Тескерисинче, алар согушкерлерге көмөктөшүп өлкөнү талкалоого, кыйроого алып келишкен.

Эске сала кетсек, өткөн аптада Түркия Сириянын күрддөр жашаган аймагында аскердик операциясын баштаган. Түркия муну менен - күрд кошуундарын Сириянын түндүк райондорунан сүрүп чыгып, "коопсуз тилкени" түзүү максатын билдирген. Ал жакта азыркы учурда Түркия аймагында турган эки миллионго чукул сириялык качкындарды жайгаштыруу планы бар.

NazarNews.kg

Последние новости