www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сизге кандай деп кайрылсам болот! Экс деген макамыңыздан өзүңүз өстүргөн эр азаматтарыңыз ажыратты. КР жараны катары Сизге кечээ, 27-июндагы Кой-Таштагы үйүңүздөгү Курманбек Бакиев тууралуу сүйлөгөн сөзүңүздөн кийинки Сизге болгон ой-пикиримди айтууга туура келди.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Өз сөзүңүздө сүйлөп жатып, адаттагыдай “Курманбек Бакиев, Соке мен айтканды кылды деп сүйүнүп олтурат” дедиңиз.

Албетте улуу инсандардын сөзүн так кесе сүйлөгөн, аял затына жарашпайт, бирок чындык айтылышы керек! Бул сөзүңүз туура эмес! Курманбек Салиевичти 2002-жылдан бери жакшы билемин. Эч качан бирөөнү жамандаган инсан эмес! Ал тургай Сиз президент болуп турганда Минскке барып жолугушуп келгенде, Сиздин атыңызды атап бир жолу терс пикирин айтпай, “Атамбаев КР президенти. Биз кыргыздар президентти сыйлаганды үйрөнүшүбүз зарыл. Албетте ал кишинин туура жактарын кантип айтпашыбыз керек, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын көздөсө ал кишиге сөзсүз маалыматтык колдоо керек”, деп айткан.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Албетте Курманбек Бакиев айткандай “жакшы, ак көңүл инсансыз”.

Сиз, кечээ айткан “Курманбек Бакиевдер сүйүнүп жатса керек” деген сөзүңүз, Сиздин гана оюңуз. Албетте Курманбек Бакиев 2010-жылы өлкөдөн чыгып кеткенден кийинки ага ыргытылган кара таштар, ошол эле “жугундулар”, жаан жааса дагы Бакиевдердин атына чапталып келген. Ал көрүнүштөрдү Курманбек Бакиев “тагдырдын бешенеге жазган сызыгы”, деп гана тим болгон. Тилекке каршы, Сиз ар бир жыйында Бакиевди кыпчый бергениңиз жана айткан сөздөрүңүздү тажабай айта бергениңиз мени таң калтырат.

Сиз, “Соке, Бакиевдин тапшырмасын аткарып жатат” деген сөзүңүз чындыкка дал келбейт. КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Курманбек Бакиев менен же Курманбек Бакиев Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүгө барган эмес. Эгерде сүйлөшүүгө барса алакандай эмес, тырмактай мамлекетте эчак эле угулуп, социалдык тармактарда талкууга алынып, баардык сөздөр ачыкка чыкмак.

Менимче президент катары Курманбек Бакиевдин ким экенин эл деле түшүнүп калды. Албетте Бакиев кандайдыр бир саясый ката кетирди. Бирок Бакиевдин тушунда алтын –валюталык запасыбыз дээрлик үч эсеге, орточо айлык акы -2240 сомдон -7189 сомго көбөйгөн. Аскар Акаев Кыргызстанды 15 жылда 2,5 млрд доллар тышкы карызга батырса, Курманбек Бакиевдин тушунда тышкы карыз 500 миллион долларга азайган.

Бирок бул маселенин терс саясый жагы да бар. Президент катары Бакиев мыкты иштегени менен баласы Максим Бакиев ЦАРИИни түзө коемун деп мамлекеттик иштерге киришип кеткен. Дегенибиз менен кошуна мамлекеттердин президенттеринин уул-кыздары эмне жана мамлекеттик кайсы иштер менен алек болуп жатканын Сиз, бизге караганда эң жакшы билесиз.

Ал эми кандуу апрель окуясына келе турган болсок, ошол кандуу кагылышууну кимдер жана кайсы өлкө тарабынан болгонун УӨ мүчөлөрү баары билип, эми кеч болгондо башын тырмап олтурганы жалганбы?

2010-жылдагы бийликти өз колуңуздар менен кетирип адамдардын өлүмү менен бийликке келдиңиздер. Ошол эле жылы Ош окуясы болуп канчалаган адамдардын каны суудай акты. Дача СУ, Сиз күнөөсүз камаган канчалаган инсандар жана башкалар...

Кыргызстанды эң баалуу жана барктуу жерлерин сиз же кимдир бирөөлөр эмес батыш жактын “Комитет – 300ү” башкарып турганын баары эле билбесе дагы акырындап кыргыз эли дагы түшүнүп калаар. Андыктан “досуңуз” менен келишпеген мамилеге Курманбек Бакиевди кошуп “сүйүнүп жатат”, деп ойлобоңуз. Бул көрүнүштү болгону КАЙТАР ДҮЙНӨ катары кабыл алып коюңуз. Кадырыңыз жам болсун Алмазбек ага, Курманбек Салиевич андай бирөөнүн кайгысына жылмайып караган жан эмес!

Байлыктарына келе турган болсок, Курманбек Бакиев президент болуп турганда 2 гектар жерге Хан сарай эмес, ат сарай деле салган жок. Бул сөз, Сизге болгон атаандаштык эмес, ошол Хан сарайыңыз өзүңүзгө буюрсун.

Албетте сиздин жан-дүйнөңүз ооруп турганда ого бетер көптөгөн далилдерди айтып жараңызды чукубайын болгону өзүңүздүн жеке кызыкчылыкка караганда КЫРГЫЗ элинин келечегин дагы көбүрөөк ойлонуп коюшуңузду суранат элемин.  

Мүмкүн Сизди жандап жүргөн “вазирлериңиз” сизге ар кандай сунуштарын айтып башыңызды айлантырып жаткандыр, бирок сиздин жаныңыз тактап айтканда Алмазбекке, Алмазбек гана керек, жаныңыз ооруп жан дүйнөңүз караңгылыкка батып турса, сизге эч ким жүрөгүн сууруп бере албайт. Кандай болгон күндө дагы элдин биримдигин сактап, душмандардан коргонуш үчүн ар бир элдин баатырлары жана журт башчылары Манаска биригишкен, сиз мунун жакшы билесиз. Баарыңыздар бир ууч кыргыз элинин тагдырын ойлоп, эки дос жакшылыкка багыт алыңыздар. Өзүңүздүн Соке досуңузга да чыны менен туура эмес сөздөрдү айта берип жеткирип койдуңуз. Сабырдын дагы чеги бар.  

Казакта:

Орағын өткір болса,
Қарың талмайды.
Отаның берік болса,
Жауың алмайды, деген макал бар. Сиздерде биримдик болсо, элде ынтымак болот. Ортодогу тирешке, адамдардын тагдырына камаз-камаз таштар жардам бере албайт. Болгону акыл калчап иш кылган баштар гана жардам бере алат. “Карышкырдан корксоң токойго кирбе”, дегендей, эми Сизге токойго кириштин кажети жок. Болгону Сиз мыкты, акылдуу инсан катары тарыхта калышыңызды гана ойлонушуңуз керек!

Сөзүмдүн соңунда Сизге ийгилик каалаймын. Алтын башыңыз аман болуп, эртеңки атып келе жаткан таңдар жана күндөр Сизге жакшылык алып келсин. Жаныңызда Сиздин акчаңызды сүйгөн  эмес, мыкты акылдуу инсандар коштосун. Курманбек Бакиевдин Сизге жамандыгы жок. Андан көрө биз менен 31-августта Курманбек Бакиевдин 70 жылдыгына чогу барып келели.

Сизди терең урматтап сыйлаган Гүлжан Шерипбаева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости