www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Гүлжигит, Баткендеги өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү, акимдин алмашканы чек ара менен чектеш жайгашкан аймакта маселе чечиле баштады дегенден кабар береби?

- Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт. "Керек болсо саат сайын кадрларды алмаштырам" деген кишиден ырааттуу мамлекеттик саясатты күтүүдөн алысмын. Чечкиндүүлүк менен иштөө зарыл болуп жатат. Кошуналар губернаторду же акимди эмес, КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Колбашчысын тоготпой жатышат. Биздеги ички алешемдиктерден алар да кабардар...

- Суваналиев Баткенге өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болгону маселенин чечилишин колго алып, маал-маалы менен чыгып турчу жаңжалды алдын алат деп ишенсек болобу?

- Маселе Суваналиев менен эле чечилип калса бир жөн эле...Кантип иштеп берерин убакыт көрсөтөт. "Спруттагы" Катани болобу же Алмазбек Атамбаев айткан Катани болобу, мезгил көрсөтөт. Жакшы жакка үмүт кылып туралы.  Негизи эле, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости