www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы аянттардын бирине Манастын эстелиги орнотулушу мүмкүн

2021-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок менен жолугушту. Бул тууралдуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, тараптар Кечиөрен муниципалитети менен Кыргызстандын муниципалитеттеринин ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүү жана иш сапарлары менен алмашуу зарылдыгын белгилешти.

К. Өмүралиев буга чейин муниципалитет тарабынан кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 2019-жылдын декабрь айында туулган күнүндө анын атындагы сейил бакка орнотулган бюсту үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар Кечиөрен муниципалитетинин имаратынын алдындагы аянтта Манастын эстелигин орнотуу, ошондой эле «Эстергон чеби» деп аталган Түрк маданият борборунан кыргыз элдик чыгармачылыгынын улуттук буюмдарын көргөзмөгө коюу жана сатуу үчүн атайын жай бөлүп берүү боюнча макулдашууну тастыкташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости