www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Жапаров Кумтөр боюнча депутаттык комиссияда күжүрмөндүүлүк менен иштеп, ал эмес 2012-жылы 3-октябрда Кумтөр иштери боюнча митинг уюштуруп, аягы Камчыбек Ташиев Чыңгызханга айланып, Ак үйгө чабуул жасап жиберишкенин, президент Атамбаев сандалактап качып, премьер Сатыбалдиев кыргызды сатып, президенттик аппарат жетекчиси Данияр Нарынбаев дардалактап Нарынга кире качкаы бар. Ошонун айынан Жапаров, Ташиев жана Мамытовдоор соттолушуп, азыркы Башкы прокурор Зулушев болбосо, ал кездеги Башкы прокурор Аида Салянова жана кийинки Башкы прокурор Индира Жолдубаевалар түрмөнүн түбүндө чиритмек.

Бийликти “Кумтөр” сыяктуу бай компаниялар оп тартып соруп турат

Эмнегедир булар бийлик башына келген соң Кумтөр дешип жулунушпай, аяр мамиле кылып калгандай. Учурда Кумтөрдө эле биздин 26% акциябыз турат. Ал 1 млрд доллардан ашык акча. Ошонун 700 миллионун алып келсе дагы эки банк ачышып, жеңил өнөр жайына, айыл-чарбасына, гидро энергетика тармактарына салса болот. Эми да Кумтөр боюнча депутаттык комиссия түзүлмөй болду. Анткени, Жапаров Акылбектин курсагы ачып калгандай, барып тоюнбаса бовойтда. Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүн текшерүү комиссиясын түзүү зарыл болуп, фракциялар комиссиянын мүчөлүгүнө депутаттарды сунушташты. Алар - Акылбек Жапаров, Үмбөталы Кыдыралиев, Эрмамат Тагаев, Каныбек Иманалиев.

Азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнүн обьективдүү да, субьективдүү да себептери бар. Эң негизги себеби, философиянын мальтусчулук деген агымын түзгөн еврей Мальтус он тогузунчу кылымда эле алдын-ала айтып кеткен. Бул демографиялык кризистен улам келе турган натыйжа. Ооба, жыйырма биринчи кылымда демографиялык жарылуулар болоору мурун эле белгилүү болгон. Калктын саны тездик менен өсүп бара жатат, ал эми шаар, кыштак, завод, фабрикалардын өсүшү менен айдоо аянттар жыл сайын тарып баратат. Жыйырма биринчи кылымда азык-түлүк кризиси болоорун ал эмес миңдеген жыл мурун жашап кеткен көзү ачык Нострадамустар айтып кетишкен. Кыргызстан айыл чарбага жарактуу жерлери менен өзүн-өзү камсыз кылып кете турган мамлекет. Бизде сууга болгон кризис жок. Ушул заманда сууга жетпей жаткан калктар да бар. Кудайга шүгүр, суунун башында турабыз. Бир кезде бийлик башында турган Атамбаевдер мурунку бийликти сынга алган учурда Кыргызстан өзүн-өзү багып кете алат дешип элди ишендирип жүрүшпөдү беле. Кана, азык-түлүккө болгон баанын тизгинин кайрадан койо беришти.

Учурда алты миллион элдин миллиону чет элде сандалып жанын багып жүрүшсө, бир жарым миллиону жакырчылыктын чегинде жашашса, дагы эки миллиону жакырчылыкты көздөй сүңгүп баратса, ушунун барын жөнгө сала турган ал кездеги бийлик, карапайым элдин сөзүн койолу кадыр-барктуу, экономика илиминин доктору, комитеттин жетекчилеринин сунуштарына кулак какпай турушса,эмне деген заман болот. Өкмөткө айтылган сунуштар «капкара тешикке» кирген бойдон чыга албай жатса, ал эми Марипов башында турган өкмөттүн алкымы «Бермуд үч бурчтугундай» болуп, элге пайда берүүчү «Кумтөр» сыяктуу бай компанияларды оп тартып соруп турса, «ишенген кожоң сууга акса, алды артынан тал карма» дегенден башка аргабыз жок экен да.

“Кумтөр” мүлжүнүп бүткөн соң, сөөгү эле кыргызга калабы?

Түзүлгөн келишимдин долбоорунда “Кумтөргө” кыргыз тарап 2026-жылы гана ээ боло алат” дегени өтө таң калычтуу. Кебетеси, “Центерра” алтындын баарын ташып кеткенден кийин, Кыргызстанга таштандысын эле калтырат сыяктуу. Бул кыргыз элин шылдыңдагандык эмей эмне? Ошол эле убакта кыргыздар негизги алтынга эмес, “хвостохранилищеге” да ээ боло албайт экен. Мындай келишимдин кыргыз эли үчүн кереги канчалык? Кыргыз элине душмандык кылгандар ушуга окшогон келишимди жактоо максатын көздөп, титулдук кыргыздарды, “Кумтөр” келишимине каршы чыккан кыргыз жарандарын түрмөнүн түбүнө салып, соттоп, көзүн тазалап, жок кылганга аракет жасап жатканы эмне деген жорук. Кыргыз элине душмандык кылган отуз жылдан берки бийликтин куйругу али күнчө үзүлбөдү, чиркин...

Эсеп палатасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун 2017-2018-жылдардагы чыгымдарын, Кумтөр компаниясы берген каражаттын эсебин териштирип чыкты. Анын негизинде Палата өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фондду башкаруу боюнча дирекция түзүү укугуна баа берүүнү сунуш кылып Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу Эсеп палатасы маалымат таратты. Маалыматка караганда текшерүү учурунда фонддун каражаттарын башкаруу дирекциясынын башчысы бөлүштүрөрү, ага мындай укукту өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү ыйгарганы, бирок мындай укук анда жок экени белгилүү болгон. Маалыматта эки жылда дирекция 29,4 миллион сом короткону белгиленген. Фонддун эсебинен ыйгарым укуктуу өкүлгө корогон чыгымдар 6 654,6 миң сомду түзгөн. Резиденция ишканасына 800,0 миң сомдук автомашина алынган. Курулуш-монтаждоо иштерине көзөмөлдүн жоктугунан 24,998.9 миң сом каражат ашык коротулган. Эки жылда эмгек акы жана социалдык чегерүүлөр үчүн 24288,3 миң сом жана сый акылар үчүн 6 384,3 миң сом төлөнгөн. Мамлекеттик сатып алууда мыйзам бузулган учурлар катталган. Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө узак мөөнөттүк план болгон эмес.

Аудиттин жыйынтыгы президентин аппараты, Жогорку Кеңеш, Коопсуздук кеңеши, Мамлекеттик салык кызматы баштаган мамлекеттик тиешелүү органдарга жиберилгени да маалыматта белгиленген. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун жобосуна ылайык анын каражаттары фонддун байкоочу кеңеши бекиткен сметанын негизинде чыгымдалат. Фондго Кумтөр” Голд Компани ишканасынын дүң кирешесинин 1% бөлүнөт. Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп 2017-жылдын март айынан баштап Узарбек Жылкыбаев, ага чейин Асхат Акибаев иштеп турган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости