www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде кыйратып иштеген завод-фабрикалар, өндүрүштүк ишканалар жок. Мындай пикирин бүгүн, 17-февралда жарандык активист Кыял Тилекова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

“Кыргызстан карыз алуу боюнча лимити бүткөн, Атамбаев болгон лимитти түгөтүп, мамлекетти карызга батырып, алынган насыялар максатсыз жумшалып жок болгон. Азыр тышкы карызды төлөө босогосунда турабыз. Келишим боюнча, Кытайга болгон карызды төлөбөсөк бир нече стратегиялык обьектилер же жерлерибиз кетип калышы толук мүмкүн!

Бизде кыйратып иштеген завод-фабрикалар, өндүрүштүк ишканалар жок. Экономиканы кантип толтурабыз? Кантип бул кырдаалдан чыгабыз, татаал суроо жоопсуз ойлор!

Бир гана жол – Кыргызстанга туристтердин кызыгуусун арттырган себеп жаралышы керек. Ал эмне? Ал – кадимки эле кара куурай (марихуана) жана опийим өстүрүп, аны максаттуу колдонуп, сатууга чыгаруу керек. Муну алгач уккандар, “эмне Кыргызстанды бузганы жатасыӊарбы?”-деп ойлошу мүмкүн. Бирок андай эмес.

Кара куурайды мамлекет өзү өндүрүп колдонууга жана сатууга уруксат берилген бир аймакты тандоосу керек. Ошол аймакта чет элдиктер үчүн гана колдонсо болот, жергиликтүү тургундар пайдаланса мыйзам бузуу болот деген мыйзам кабыл алынышы шарт. Кара куурай чегип, эс алганы Россия, Өзбекстан, Казакстан ж.б аймактардан туристтер агылып келет. Жаӊы шаар, тейлөөчү жайлар ачылат. Керек болсо ошол аймакка казиного дагы уруксат берилүүсү зарыл. Миӊдеген, миллиондогон туристтер келет, эс алып, миллиардаган акчаларды Кыргызстанга калтырып кетет. Экономика кара куурай жана опийим менен дүркүрөп өсөт. Муну туура жана пайдалуу багытка салып, мыйзам менен көзөмөлдөш керек. Ошол эле өнүккөн Европада кара куурайды белгилүү бир аймакта колдонсо уруксат берилген. Афганистен опийим, кара куурай менен эле элин багып жатат. Эмнеге биз ушуну ойлонбошубуз керек?”-деп суроо койгон.

Талкууга аралашкан экс-депутат Эсенгул Исаков Facebook колдонуучунун пикирин колдоп, мамлекет ушундай кадамга барса, миллиардаган киреше табаарын айтып, өзүнүн оюн кошумчалады.

“Оор маселе, бирок башкача ой менен колдойм. Бир ээн жаткан аймакты тандап военизированный зонага айлантуу керек, катуу тартип менен. Чычкан да кирип чыкпашы керек. Анан негизги багыт кара зирени айдап аны эч жака чыгарбай ошол эле зона фарм.завод салуу керек. Ошондо БУУдан уруксат алуу андан ары тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып ишке киришүү зарыл. Миӊдеген, керек болсо 10 миӊдеген жумушчу оорундар пайда болот, бюджетке миллиарддаган доллар менен каражат түшөт! Бул долбоорду иштеп даяр кылган инсан азыр иш үстүндө”- деди ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости