www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кемин шаарындагы жеке менчик карылар үйүнө барган «Кемин биримдиги» коомдук уюмунун өкүлдөрү ал жактагы жашоочулар көз жумган карыя менен чогуу жатканына күбө болушканын кабарлашты.

«Кемин биримдиги» коомдук уюмунун өкүлү Эрнис Токтоналиевдин айтымында, алар бул жайга кечээ, 16-февралда кечинде барышкан.

Коомдук уюмдун дагы бир өкүлү Диляра Жакупжанованын айтымында, уюмдун өкүлдөрү карыларга кийим-кече жана тамак-аш жеткирип барып, ушул окуяга туш болушкан.

«Бизде фонд менен иштеген Мирлан деген байке бар. Алар дайыма муктаждарга бекер кийим таратат. Ошондон 5 куту кийим алып, 3 кг аш басып, кечинде карылар үйүнө бардык. Себеби, күндүз да элге кийим таратканбыз. Кечинде карылар үйүнө баратканда директоруна телефон чалсак, албай койду. Барсак, медайымы киргизбей койду. Ал директорго телефон чалды окшойт. Директору келип, «биз силерден жардам сурап жатабызбы. Бул жеке менчик имарат, киргенге акыӊар жок» деп ызы-чуу кылды. Мен мурда бул карылар үйүнө барган эмесмин. Чындыгында бул карылар үйүнүн абалы начар экен. Бардык жер кир, карыларды багуу боюнча эч ким иш алып барбайт окшойт. Медайымдан канча адам бар деп сурасак 30 адам бар деди. Бирок мен 15 чакты гана карыяны көрдүм. Ошентип карылардын өлгөн киши менен бир бөлмөдө чогуу жатканына күбө болдук.

Карылар үйүнүн кызматкерлери: «16-февралда эртеӊ менен каза болду» деп айтышса, ичинде жашаган карылар каза болгонуна 2 күн болду деп айтышты. Балдар ошол жерден дароо милицияга кабарлашты», - деди ал.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясы бул факт боюнча тиешелүү мекеме-уюмдар жеринен текшерип жатканын белгиледи.

Ал эми карылар үйүнүн директору учурда маркумду жерге берүү иш-чарасы өтүп жатканын, эч нерсе айта албастыгын билдирди.

Булак: "Турмуш"  

Последние новости