www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия-Украина согушунун биринчи жылы аяктап жаткандыктан, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңеши Украинадагы кырдаалды талкуулоо үчүн чогулду.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш өз сөзүндө: «Бир жыл мурун мен Европада адамзат үчүн кылымдын эң коркунучтуу согушу болушу мүмкүн болгон согуш башталбашы керектигин көшөрүп туруп айткам. Мен муну ошондо да айтканмын, азыр дагы кайталап жатам. Биз тынчтыкка мүмкүнчүлүк беришибиз керек»,-деди.
Орусиянын Украинага кол салышынын БУУнун уставын жана эл аралык укукту ачык бузуу экенин баса белгилеген Гутерриш: «Украин эли үчүн жашоо тозокко айланды»,-деп айтты.
Украин элинин 40 пайызга жакынынын гуманитардык жардамга жана коргоого муктаж экенин баса белгилеген Гутерриш согуштун көптөгөн адамдын жер которуусуна жана Европада көптөн бери көрүлбөгөн чоңдуктагы кризиске себеп болгонун да белгиледи.
Түркия жана БУУнун ортомчулугу менен кол коюлган Кара деңиз дан коридору келишиминин алкагында жылыштар болгондугун белгилеген Гутерриш: «Бардык тараптарга бул демилгени улантуунун маанилүүлүгүн эскертип, мен аны 2023-жылдын мартынан кийин кайра узартууга чакырам»,-деп айтты.
Гутерриш БУУнун да Орусиянын азык-түлүк жана жер семирткич экспортундагы тоскоолдуктарды жоюу үчүн аракет кылып жатканын белгилеп: «Учурда курал сүйлөп жатат, бирок биз дипломатия адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка алып баруучу жалгыз жол экенин билебиз»,-деди.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба да: «Украина буга чейин болгону сыяктуу каршылык көрсөтүүнү улантат. (Орусиянын президенти Владимир) Путин күткөндөн алда канча эрте жеңилет»,-деп айтты.
Орус аскерлеринин жана жооптууларынын бир күнү кылган иштери үчүн жооп берерин билдирген Кулеба, эл аралык коомчулуктун Украинага колдоо көрсөтүүнү улантуусу керектигин айтты.
Булак: NazarNews.kg