www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия, Финляндия жана Швеция НАТОнун штаб-квартирасында жолугушат. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, өткөп аптада Анкарага сапарында Түркия, Швеция, жана Финляндиянын ортосунда март айынын ортосунда Бельгиянын борбору Брюсселде үч тараптуу жыйын өткөрүү темасында президент Режеп Таййип Эрдоган менен макулдашкандарын билдирди.

Йенс Столтенберг ЕБ комиссиясынын төрайымы Урсула фон Ляйен менен Эстониянын Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу бул өлкөгө барды.

Борбор шаар Таллинде Эстониянын премьер-министри Кая Каллас менен үч тараптуу пресс-конференцияда сөз сүйлөгөн Столтенберг, Орусия Украинага кол салган бир жылдын ичиндеги окуялардын бири да Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процесси экенин эске салды.

Столтенберг эки өлкөнүн мүчөлүк процессинде жылыш байкагандарын, 30 НАТО шериктешинен 28инин макул болгондорун айтып: «Президент Эрдоган менен өткөн аптада Анкарада жакшы жолугушуу өткөрдүм. Сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталышы жана мартта НАТОнун штаб-квартирасында менин карамагымда Финляндия, Швеция жана Түркиянын ортосунда июнда кол коюлган келишимдин ишке ашырылышы жана кошулуу процессинин кандай бүтүрүлө турганы боюнча үч тараптуу жолугушуу уюштурууга макул болдук»,-деди.

Түркиянын Финляндиянын мүчөлүгүнө оң караганын, Швецияга байланыштуу айрым маселелердин бар экендигин билдирген Столтенберг, эки өлкөнүн өз милдеттерин аткарып жаткандыгын, кошулуу протоколдорун ишке ашыруунун убагы келгенин айтты.

Столтенберг Венгрия Ассамблеясынын кийинки жумада эки өлкөнүн протоколдорун бекитүү процессин баштай турганын жана буга ыраазы экенин, Финляндия менен Швециянын эң кыска убакыттын ичинде мүчө болушун максат кылгандарын баса белгиледи.

Последние новости