www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Президенттин ысырапкорчулукту азайтуу боюнча чыгарган жарлыгы эң туура», - деди бүгүн, 25-февралда NazarNews маалымат агенттигине профессор Ибрагим Жунусов.
- Ибрагим агай, президенттин өлүм болгон жерде кара мал союлушуна тыюу салган, ысырапкорчулукту азайтууну көздөгөн жарлыгы колдоого алынабы же сынга кабылабы?
- Мен президенттин ысырапкорчулукту азайтуу боюнча чыгарган жарлыгын эң туура деп ойлойм. Себеби, өлүм болгондо колунда бары да, жогу да жылкы, жок эле дегенде бодо мал союп элди узатат.
Кара мал сойбосо эл сөз кылат. Сөзгө калбайын деп колунда жок болсо да, карыз алышат. Анан төлөй албай кыйналышат. Өкүнүчтүүсү ошол айылдын аксакалдары акыбалын көрүп турса да, кой дегендин ордуна карыз алдырып сойдурат.
Бул нерсе токтосо эң жакшы болот эле. Себеби, акыркы мезгилде кыргыздын тою да, өлүктү узатуу зыйнаты да бирдей эле чыгым болуп калган.
Булак: NazarNews.kg