www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын подполковниги Оторов Тилек Арсыбекович Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды, деп билдирди бүгүн, 7-мартта, ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, ал бул кызматка келүу алдында сынактан жана маектешүүдөн өткөн. Буга чейин Оторов Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматында 10 жылдай кызмат өтөгөн.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы кызматын 2007-жылы дайындалган Бакыт Сеитов аркалап келген. Ал 2021-жылдын 24-декабрында жаш курагына жеткендигине байланыштуу пенсияга чыккан.

«Ошол эле учурда ал Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башкы адиси кызматында калды», - деп кошумчалашты министрликтен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости