www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада Польшанын чек арасына кире бериш жерде үч өзбек жараны жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Украинадагы элчиси Алишер Курманов билдирди.

Анын айтымында, кырсык болгон маалда унаанын ичинде Өзбекстандын 21 жаштагы үч жараны болгон. Алардын бири дароо көз жумса, экөө Львов шаарындагы ооруканага жеткирилген.

"Элчилик каза болгон Хакимов Отабектин жакындарына көңүл айтып, анын сөөгүн тез арада мекенине жеткирүү үчүн болгон аракетин көрөт. Мындан тышкары кырсыкта жаракат алган жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн Украинанын алдыңкы дарыгерлери менен консультациялар өткөрүлүп, дары-дармектер менен камсыз кылынып жатканын кабарлайт", - деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Буга чейин 4-мартка карата Польша аркылуу Украинадан Өзбекстанга 2579 киши эвакуацияланганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости