www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери Игорь Лебедев Кыргызстанда орус тилин расмий макамынан ажыратуу сунушу боюнча комментарий берди.
Парламентарий “Кыргызстандын мындай аракетине таптакыр таң калган жокмун” деди. «Мурунку Советтер Союзунун көпчүлүк өлкөлөрү буга чейин эле муну жасаган. Мурунку советтик республикалардын баарынын Россиядан алыстап жатканы байкалат», – деп түшүндүрдү ал.
Лебедевдин айтымында, СССРдин курамына кирген өлкөлөр Европа Биримдигине кошула элек болсо дагы, алар ошол багытты карап жатышат: калк мындай демилгелерди колдоп, Молдовадагыдай европалык талапкерлерге добуш берүүдө. “Ушундай эле көрүнүш Борбор Азия өлкөлөрүндө болуп жатканы таң калыштуу эмес“, – деп кошумчалады депутат.
Эгерде орус тили акыры расмий макамынан ажыратылса, анда Москванын бир гана реакциясы Кыргызстанда жашаган орустарды колдоо болушу мүмкүн.
«Биз аларга Россияга келүүнү же көчүп кетүүнү сунушташыбыз керек. Эгер каалоолору болсо, аларга жарандык алууга жардам берүү керек. Биз жардамга кол сунушубуз зарыл», – деп үндөдү Лебедев жана Кыргызстан орус тили мамлекеттик тил катары жазылган акыркы республикалардын бири бойдон калганын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg