www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "2017-жылдагы президенттик шайлоонун чыгымдары тууралуу документтер жарыялангандан кийин КСДП партиясынын штабынын эсепчисинин жана анын үй-бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч туулду" деп айткандары боюнча ички иштер министрлиги иликтей баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, КСДПнын штабынын эсепчиси быйыл 11-ноябрда, президенттик шайлоонун чыгымдары тууралуу документтер социалдык тармактарга жарыяланаардан төрт күн мурда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. 18-ноябрда экс-президенттин интервьюсу тууралуу анонс берилгенден кийин эсепчинин баласы да сыртка чыгып кеткени белгилүү болду.
Белгилей кетчү нерсе, укук коргоо органдарына бүгүнкү күнгө чейин жогоркудай жагдай тууралуу билдирип, аналогиялык арыз менен эч ким кайрылган эмес.
ИИМ партиянын штабынын эсепчисине өмүрүнө туулган коркунуч тууралуу маалымат берүүнү өтүнүп, өлкөгө келсе коопсуздугу камсыздала турганын жана калыс иликтөө жүргүзүлөрүн маалымдады.
Булак: NazarNews.kg