www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки жыныстуумун..

Окурманыбыз өзүнүн арыз-муңун бөлүшүп биздин [email protected] электрондук дарегибизге кат жолдогон. Каарманыбыздын жашоодогу көйгөйүн сиздерге бөлүшмөкчүбүз.

Алыскы тоолуу райондордун биринде жашайм. Кичинемден апа-энем мага сен өзгөчөсүң дей берчү. Мен ал кездерде ал сөздүн маанисин терең биле бербейт элем. Ата-энем чабан, айылдын малын карап кышы-жайы жайлоодон түшпөйт. Үй-бүлөдө 3 кыз анан менмин. Менмин дегеним, менин эки жыныс мүчөм бар. Кайсыл полго бөлүнөөрүмдү билбей калдым.

Кичине кезимде башкалар мага кылган мамилесине капа болоор элем. Тең туштарым мени өз катарларына кошпочу. Мага атам менен жайлоонун таза абасынан терең дем алып кой кайтарган жакчу. Ал мага баатырлар жөнүндө жомокторду көп айтып берчү. Өзүмдү эч нерсе өзгөчөлүгү жок эркек деп билчүмүн. Айыл тарапка түшкүм келбечү. Эс тартып үйлөнөөр мезгил келгенче ата-энемдин жанынан алыс баскан эмесмин. Эс тартып 23 жашка келгенимде апам сүйлөшүүгө чакырды. Апам менин үйлөнүүм керектигин жана мага өзүбүз сыяктуу эле чабан болуп жүргөн үй-бүлөнүн кызын алып берээрин айтты. Мен макул болуп чакан тойчук кылып үйлөндүк.

Бирок үйлөнгөндөн кийин эки жыныстуу мага, аялым жийиркенип мамиле кылып баштады. Мен өзүмдү күнөөлүү сезип, өз кезегинде мен дагы баарына апамды күнөөлөп баштадым. Ал мага кичине кезимден эки жыныс жөнүндө кененирээк маалымат бергенде мен ушундай кырдаалда калбайт элем! Апам болсо “дин боюнча экинчи жынысын алып салууга уруксат берилбей, күнөө экендигин уккан соң атаң экөөбүз өзүң чоңойуп бир чечим кабыл алаар дегенбиз”- деп көз жашын көлдөтөт.

Ошондой күндөрдүн биринде, баардык үй-бүлө мүчөлөрүбүз менен кеңешип экинчи мүчөмдү алдырууга мал сатып, атамдын достору аркылуу врач таап борборго келип операция кылдырып, операция ийгиликтүү болуп, жаңы төрөлгөн баладай эле жыргап жашап калдым. Бирок аялымдын мага болгон сезими эч ойгонбой койду. Ал мага баштагыдай эле жийиркенүү менен мамиле кылат. Анын мамилесинен мен чөгүп кеттим. Акырында ажырашуу чечимин кабыл алдык.

Ажырашкандан көп өтпөй аялым кош бойлуу экендигин билдим. Аялым менен сүйлөшүп кайра жарашуу жөнүндө оюмду айтканы барсам ал мага башымдан ылдый муздак суу кугандай жаман кабар угузду. Ал баланы боюнан алдыруу жөнүндө чечим кабыл алган экен. Аялым балабыз да эки мүчөлүү болуп төрөлүп калат деп санааркап жатканын көздөрүнөн түшүндүм. Аялымдан мага бир аз убакыт берүүсүн өтүндүм. Бала үчүн баарына даярмын. Аялымдын жийиркенип мамиле кылуусуна да чыдайм. Бир гана балам жарыкка аман-эсен, алты саны аман келсе дейм.

Ушул тапта ар кайсы врачтардын эшигин каккылап консультация алып жүрөм.

Айтыңыздарчы атасынын өзгөчөлүгүн  баласы да кайталап калышы мүмкүнбү?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости