www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев күбө катары бүгүн,11-июлда эртең менен Тергөө кызматына барышы керек. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы экс- президент Алмазбек Атамбаевге дагы чакыруу жиберди. ИИМ экинчи ирет Атамбаевди тергөөгө чакырып жатат.Бул тууралуу экс- президенттин тарапкерлери билдиришти.

Ушуну менен ага экинчи жолу чакыруу жиберилди. Биринчиси 8-июлда берилип, Атамбаев суракты тоготпой койгон. Ал азыркы бийликке ишенбестигин жана мыйзамсыз иштер орун алып жатканын жүйө келтирип, бардык суроолор боюнча өзүнүн юридикалык өкүлү Сергей Слесаревге кайрылууну сунуш кылган.

Слесарев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына кайрылуу жиберип, Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыратуу боюнча парламенттин чечими мыйзамсыз экенин билдирип жатат.

ИИМдин Тергөө кызматы “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтөөдө.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости