www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев президент кезинде 2013-жылы ТВЕА менен кол коюлуп башталган “ТЭЦ” 2017-жылы августта аяктаган. Cапар Исаков өкмөт башына келгенде ТЭЦ бүтүп калган,бирок ал президенттик аппараттын тышкы иштер бөлүмүн жетектеп турганда ТВЕА менен иши болгон. Бишкектин Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ТЭЦ) оңдоп-түзөө боюнча соттук териштирүүнү улантууда. «Электр станциялары» ишканасынын тышкы байланыш бөлүмүнүн ошол кездеги жетекчиси Маматмуса Үкүбаев сөз сүйлөп, ошол кезде ТВЕФ Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) линиясы боюнча дагы насыя алып келишерин маалымдашканын билдирди. Ошондой эле бардык ноталарда аталган компания негизги аткаруучу экени көрсөтүлгөнүн айтты. Эмне үчүн көп акча жумшаган ТВЕАны тандап алганы белгисиз.

Айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев соттук отурумга колуна кишен салынып жеткирилип жатканына нааразылыгын билдирди.

Бул иш боюнча учурда УКМКнын тергөө абагында мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, «Электр станцияларынын» мурдагы башчысы Салайдин Авазов, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев жана дагы башка бир катар адамдар отурат. Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айыпталууда. Алар өздөрү күнөөсүз экенин айтып жатышат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости