www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону ачылбайт. Бул тууралуу маалымат булактарына "Шаардын парктары" муниципалдык ишканасынын директору Калича Умуралиева билдирди.

Жыл сайын Кара - Жыгач токоюнда жайгашкан Пионер жана Комсомол көлдөрүндө сууга түшүү сезону июнь айынын башында ачылат. Бирок аталган эки көлмө тең ачыла элек. Ал эми мэрия Санитардык - эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун сунуштары аткарылбай, куткаруу каражаттары сатылып алынбагандыктан сууга түшүү сезонун ачуу создуктурулуп жатканын белгиледи.

"Комсомол көлүн ача албайбыз, анткени анын түбүн тазалоо боюнча тийиштүү талаптар аткарылбай жатат. Ал үчүн алты миллион сом керек. Азыр кийинки сезонго даярданып жатабыз", — деди Умуралиева.

Анын айтымында, Пионер көлмөсүнө тийиштүү каражаттар алынып, куткаруучулар тандалды. Учурда алар даярдыктан өтүп жатышат. Көлмө шаардыктар үчүн 15 - июлдан тарта иштей баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости