www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ ККК: 2020-жылдын 9 ай үчүн коомдук тартипти сактоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча бир катар иштерди аткарды. 

Коомдук коопсуздук кызматы коомдук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча функцияларды аткарган жана камсыздаган Кыргыз Республикасынын ИИМдин  өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы жарандардын коопсуздугун жана коомдук жайларда укуктук тартипти камсыздоо, анын ичинде массалык иш-чараларды өткөрүү, кылмыштарды жана укук бузууларды, анын ичинде жашы жетелектердин арасындагы алдын алуу, уруксат берүүчү тутумдардын обьекттерин текшерүүнү ишке ашыруу чөйрөсүндөгү функцияларды аткарат.

Профессионалдык милдеттеринен сырткары милициянын аймактык ыйгарымдуу тескөөчүлөрү калк менен тыгыз байланышып, күн сайын  өздөрүнө тиешелүү аймактардын иштерин алып барышат. Негизги милдеттерине калктын ден соолугу менен өмүрүн кылмыштуу аракеттерден коргоо, укук бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюу, үй-бүлөөлүк турмуш-тиричилик чөйрөсүндөгү укукка каршы аракеттерди аныктоо, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, дайынсыз жоголгондорду жана кылмышкерлерди издөө кирет. 

2020-жылдын 9  ай ичинде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүмдөрү республиканын аймагында коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде мыйзамдуулукту сактоо, анын ичинде бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бир катар иштерди аткарышкан. Укук бузууга бөгөт коюу,  кылмыштарды аныктоо жана бетин ачуу боюнча жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушту.

Ушул жыл ичиндеги отчеттук мезгилде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөөнүн тапшырмасы менен жүргүзгөн иш-чаралардын жүрүшүндө 9800 кылмыш менен жоруктардын бетин ачышкан.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып салууга алып келген 21855 укук бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулган. Анын ичинде 52-берене (Калкты ызы-чуудан коргоо жөнүндө талаптарды бузуу) боюнча 170протокол, 53-берене (Тыюу салынган  жерлерде чылым чегүү) боюнча 5026 протокол, 81-берене (Коомдук жайларда баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды колдонуу, спирттик ичимдигин ичүү) боюнча 4150 протокол, 82 берене (Ички иштер органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө) боюнча 1697 протокол, 82-1-берене боюнча (Коменданттык сааттын талаптарын аткарбоо) боюнча 420 протоколдор толтурулган.

Көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда ар кандай укук бузуулар үчүн  40 219 000 ашык айып пулдун салынып, анын ичинен 10523000 сомдон ашык төлөнгөн. Ушул жыл үчүн милициянын аймактык ыйгарымдуу тескөөчүлөрү калк алдында 2574  отчеттук жолугушууларды өткөрүп, жарандарга коомдук тартиптин жана коопсуздуктун абалы, кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алууда, бөгөт коюда жана бетин ачууда көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтарды беришкен.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча үй-бүлөлүк турмуш-тиричилик мамилелерин бузган 3895 адам, спирттик ичимдиктерди ичкен 5289 адам, баңгизаттарды колдонгон 1090 адам алдын алуу каттоосунда турат.

Негизинен алганда укук бузууларды алдын алууда коомчулук менен кызматташуу чоң роль ойнойт. Азыркы учурда рееспублика боюнча  532 коомдук алдын алуу борбору бар жана аларга 9943 адам мүчө катары кирген. Анын ичинде 537 аялдар кеңешинде 2705 адам, 567 жаштар кеңешинде 2601 адам бар. 712 аксакалдар соту дагы иш алып барып, ага 4183 адам мүчө болсо, алар 877 ишти карашкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости