www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүрөт - Чубак ажы Жалилов «Айкөл» ордени менен сыйланды

Бүгүн, 21-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев дин аалымдарына «Айкөл» орденин тапшыруу боюнча буйрукка кол койду. Ага ылайык, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Абдишүкүр ажы Нарматов, Садыбакас ажы Доолов жана маркум дин аалымы, Аалымдар Кеңешинин мурдагы мүчөсү Чубак ажы Жалилов «Айкөл» ордени менен сыйланышты.

«Бул сыйлыктар 2020-жылдын март айында Бишкек шаарында өтүүчү «Абу Ханифа мазхабынын Орто Азиядагы орду» аталышындагы эл аралык конференцияда тапшырылмак. Иш-чара пандемияга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бул аралыктарда көптөгөн асыл инсандарыбыздан, аалымдарыбыздан  айрылдык. Сыйлыктарды тапшыруу пандемияга байланыштуу бүгүнкү күнгө туш келди», — деди Максатбек ажы Токтомушев.

Ал Чубак ажы Жалиловдун кыргыз элинин жан дүйнөсүн шарият көрсөткөн тартипте байытып, коом үчүн жасаган эбегейсиз эмгеги элдин эсинде түбөлүк сакталарын айтты. Чубак ажыга берилген «Айкөл» ордени уулуна тапшырылды.

«Айкөл» ордени Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эң жогорку даражадагы орден. Ал элдин руханий жан дүйнөсүн байытууга, мамлекеттин ынтымагын, тынчтыгын, бүтүндүгүн сактоого, Ислам дининин баалуулуктарын жайылтып, элдер ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн тапшырылат.

Аалымдар кеңешинин мурдагы мүчөсү, белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов 2020-жылдын 11-июлунда коронавирустан улам көз жумган.

Чубак ажы Жалилов буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи кызматын да аркалаган. Ошондой эле «Марал» радиосунун «Аалымдан асыл жооп» программасы аркылуу көптөгөн кыргызстандыктардын диний суроолоруна жооп берип берип келген.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости