www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан  бейбаштык, адамды уурдоо, карактоо үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды.

Өткөн жылдын февраль айында белгисиз адамдар тарабынан  опузалап акча талап кылуу максатында шаар тургунун урдоо уюштурулган. Түнкү маалда Бишкек шаарынын Токтогул көчөсү менен  Молодой гвардия бульварынын кесилишинен кылмышкерлер карактап кол салышкан: 26 жаштагы шаар тургунун күч колдонуп автоунаага салышып, эл жок жерге алып кетишкен. Шаардын четинен кылмышкерлер жабырлануучудан акча каражатын талап кылышып,  арматура менен сабашып, денесине оор жаракат келтиришкен. 

Ленин РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс)  234, 123 жана 168-беренелери менен козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада жогоруда аталган кылмыш ишине шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон адамдар кармалган. Андан соң, мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар кармалгандардын бирөөсүнө карата сот тарабынан үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Бирок, 1990-жылы туулган И.А. аттуу жаран соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жашырынып кеткен. 2018-жылдын декабрь айында ага издөө жарыяланган. 

2019-жылдын март айында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери изделип жаткан жарандын кайда жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алышкан. Жакында ИИМдин КМКнын  ыкчам кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында каракчылык үчүн издөөдө жүргөн И.А. аттуу жаран Бишкек шаарынын аймагынан кармалган.

Ошол эле күнү убактылуу кармоочу жайына камалган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын маалыматы боюнча 1990-жылы туулган И.А. аттуу жаран Нарын облусунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон. Уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости