www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Шайлоо жана үгүт иштерине байланыштуу ыкчам штаб түзүлдү

Президенттик шайлоо учурунда шайлоо тилкелериндеги коомдук тартипти 11 миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын 10-январында өлкөдө президенттик шайлоо жана референдум өтөт. Мындан улам ИИМ республиканын аймагындагы коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн комплекстүү иш-чараларды өткөрөт.

"Кыргызстандын ар бир аймагында күнү-түнү иштей турган ыкчам штаб түзүлдү. Ал штаб шайлоо жана үгүт иштерине байланыштуу маселелерди, ошондой эле ЖМК жана интернетте тараган маалыматтарды карайт. 10-январга жакын милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт. Эгер үгүт иштери учурунда мыйзам бузуулар катталса, прокуратура менен биргеликте юридикалык баа берилет", - дейт ал.

Белгилей кетсек, өлкө аймагында жалпы 2 миң 420 шайлоо тилкеси бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости