www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Түндө коомдук тартипти бузган фактылар катталган жок

Бишкек шаарында түндө коомдук тартипти бузган фактылар катталган жок, абал тынч. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, коменданттык саат аяктагандан кийин шаарга кирип-чыгуу ачылып, коомдук транспорттор тынымсыз жүрүп жатат.

"Талап-тоноо, мародерчулук фактылары, коомдук тартипти бузган учурлар катталган жок", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек милициясы Куралдуу күчтөрдүн аскерлери, элдик кошуундар менен күнү-түнү шаардыктардын жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылууда.

Эскерте кетсек, борбор калаада өзгөчө абал режими жарыяланып, кечки саат 22:00дө коменданттык саат башталып таңкы 05:00дө бүтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости