www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык  бөлүмдөрү тарабынан 2019-жылдын туристтик сезон маалында коомдук тартип  менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган бир катар уюштуруучулук жана практикалык чаралар жүргүзүлдү.

Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Жайкы туристтик сезон маалында туристтердин коопсуздугу менен коомдук  тартипти камсыздоого 4000 ашуун милиция кызматкерлери менен 800 ашуун  ыктыярдуу элдик кошуундар тартылды.

Бүгүнкү күнү республика аймагында 309 курорттук-саламаттык чыңдоо  мекемелери, алардын ичинен 11 туристтик база, 58 эс алуу үйү, 172  пансионат, 15 санаторий, 15 лагерь, 45 балдардын ден соолугун чыңдоо  комплекси менен 13 курорттук-саламаттык чыңдоо комплекси өз кызматтарын  көрсөтүшөт.

Жайкы туристтик мезгил учурунда укук тартибин жана жарандардын  коопсуздугун сактоого катышкан күч- каражаттарды натыйжалуу пайдалануу  жана алардын ишмердигин координациялоо максатында, Ысык-Көл райондук  ички иштер бөлүмүнүн Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн базасында  убактылуу ыкчам штаб түзүлүп иш-чараларды жүргүзүүдө.

Жай мезгилинде Ысык-Көл облусунун аймагындагы саламаттык чыңдоо  мекемелеринде коомдук тиртипти сактоо үчүн кошумча күч катары ИИМдин  “Шумкар” атайын багыттагы полкунун 200 кызматкери тартылат.

Туристтик маалда коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган өздүк курам мыйзамды жана кызматтык тартипти сактоо, мыйзамсыз иш-аракеттерине өз убагында аракеттерди көрүү максатында Ысык-Көл ОИИБдин кызматтарынын башчыларынан жана кызматкерлеринен кирген офицердик патруль түзүлдү. ИИОнун өздүк курамына мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бузбоо максатында эс алууга келишкен жарандарга жана чет өлкөлүк туристтерге карата маданияттуу, сылык болуу үчүн күнүнө нускамалар өткөрүлүп турат. 

2019-жылдагы туристтик мезгилди өткөрүү учурунда ички иштер министрлиги  тарабынан, туризм жөнүндө жасалган басма сөз продукцияларын  республиканын чек араларында жайгашкан кирип чыгуу пункттарында  таркатууда көмөк көрсөтөт.

Андан сырткары, чет өлкөлүк туристтер менен иштөө жана алардын  коопсуздугун камсыздоо, коопсуздукка жана мыйзамга байланышкан бардык  маселелер боюнча кеңешмеге жардам көрсөтүү үчүн Ысык-Көл ОИИБде  туристтик милиция түзүлдү.

Туристтик милиция ар дайым чет тилдерди билүү деңгээлдерин жакшыртышууда. Бул максатта Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин базасында окутуучулар милициянын  ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгүнө жараша тилди үйрөтүүгө, андан сырткары  англис тилинде сүйлөө эрежелерин окуткан программалар менен окутушууда. Азыркы учурда туристтик милициянын кызматкерлери Каракол шаарында чет  өлкөлүк турситтерди тейлөө боюнча кызматын өтөшүүдө.

Ал эми июль айынан баштап аталган бөлүм Ысык-Көл районуна жөнөтүлөт.Ошондой эле, 2019-жылдын туристтик сезон маалында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Патрулдук милициянын көчмө постторун «Кордай (Казахстан)–Бишкек», «Манас» Аэропорту -Бишкек», «Түндүк бурулуш жолу –Бишкек»,  «Бишкек-Балыкчы–Чолпон-Ата–Каракол» жайгаштырды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсү фото-видеону фиксация кылган видео-регистраторлор, радардык жабдуулар (Визир) менен камсыздалган, автоунаанын кузовунда ишеним телефондору көрсөтүлгөн (ИИМ-66-23-31; ЖКККББ–63-09-00; 63-09-01) патрулдук автоунаалар менен гана бөлүштүрүлүп, бекитилген постторго ылайык кызматта болушат. Бардык  патрулдук экипаждар жол кыймылынын эрежелерин бузгандар айып пулду  жеринен төлөө үчүн POS-терминалдар менен камсыздалган.

Ошондой эле, айып пулдарды өзүнчө бөлүп төлөөсө болот, бирок бир бузуу үчүн салынган айып пулду бөлүп төлөөгө болбойт. Анткени, электрондук база тутуму аркылуу ишке ашырылгандыктан, айып пулду төлөө учурунда беш сом дагы жетпей калса, ал айып пул төлөндү деп эсептелинбейт. Жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулар же эс алуучулар айып пулду Кыргыз почтасы, Айыл Банк, Азия Банк, Оптима Банк, КвикПей, АсИсНур, ТеремПей, Умай, МагаПай, Megapay.kg, Balance.kg терминалдары аркылуу төлөмдөрдү ишке ашырууга болот. ЖКЭни бузгандыгы үчүн айып пулду төлөө боюнча токтомду алган күндөн баштап 15 күн ичинде айып пулду төлөй турган болсо, анда 50%  сумма азаят. Эгер айып пулду төлөө убактысын создурган болсо анда күн  сайын 1% туум көбөйө берет.

Жайкы “Туристтик сезон-2019” даярдоо жана өткөрүү маалында 2019-жыл үчүн  Кыргыз Республикасынын ЖКККББ тарабынан күнү-түнү иштей турган Каргыз  Республикасынын күч түзүмдөрүнүн жана өзгөчө кырдаалдар учурунда жардам  бере турган кызматтардын ишеним телефондору боюнча маалыматты камтыган 10 000 стикерлер, буклеттер иштелип чыкты.

Андын сырткары, туристтик сезон маалында, Боом капчыгайында, Кемин  районунда, Төө-Ашуу өтмөгүндөгү «Бишкек-Ош» автожолунда ЖКККББнын  күнү-түнү иштей турган посту уюштурулуп, андан сырткары,  жол-транспорттук кырсык катталган жерге өз убагында барып, жабырлануучуларга биринчи медициналык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын ӨКМдин тез жардам каретасы менен куткаруучулардын нөөмөтү уюштурулду.

Күнү-түнү иштей турган Каргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн жана өзгөчө кырдаалдар учурунда жардам бере тургандардын ишеним телефондору боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылынын эрежелерин бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылуусу тууралуу маалыматты камтыган атайын стикерлер жана буклеттер иштелип чыкты.

Аталган стикерлер Кыргыз Республикасынын аймагына келген чет өлкөлүк туристтерге төмөнкү көзөмөл өткөрүү пункттардан өтүү учурунда таратылмакчы: «Чалдовар», «Ак-Жол», «Кара-Дарыя».Келип түшкөн маалыматка ыкчам аракет көрүү үчүн “100” кыска номуру менен 0703 63 09 00 телефон номурларына күнү-түнү кайрылуу үчүн түзүлдү.  Бардык обоненттер үчүн чалуулар акысыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости