www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 25-мартында Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Бишкек шаарындагы Жогорку окуу жайларынын окутуучулары арасында "Кош жылдыз" сынагы болуп өттү.

Сынакты Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети уюштурган. Жалпысынан сынакка 9 жогорку окуу жайдын окутуучулары катышкан. Алар Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Академиясынын, Кыргызстан эл аралык университетинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин, К. Скрябина атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын, И.Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетинин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык Академиясынын жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын окутуучулары болушат.

Концерттик программа эстрада жылдыздарынын жана бий топторунун коштоосунда өткөн. Сынактын башкы максаты жогорку окуу жайларынын жана алардын окутуучулары арасында ынтымакты, достукту бекемдөө. Өткөрүлгөн сынакта байгелүү 1- орунду ИИМдин Академиясынын окутуучулары милициянын полковниги Рауль Дементьев жана милициянын капитаны Абдылдаева Назира ээлешти.

Биз кесиптештерибизди чын дилибизден куттуктап жана алар менен сыймыктанаарыбызды билдиребиз.

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости