www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Укук коргоочулар Ички иштер министри Улан Ниязбековго каршы ИИМдин имаратына нааразылык акциясына чыгышты. Чогулгандар анын отставкасын талап кылышты.
Акцияга массалык маалымат каражаттарында 13 жаштагы кызды милиция кызматкерлери зордуктаганы тууралуу маалымат себеп болгон.
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулованын айтымында, Ички иштер министрлигинин системасы чирип, министр өз милдетин аткара албай жатат.
"Айзада Канатбекова, Бурулай Турдалиеванын өлүмү баарыбыздын эсибизде. Кийинки ким? Бүгүн 13 жаштагы кызга карата зордук-зомбулукту көрүп жатабыз, эртең бизди эмне күтүп турат? Бизге Ички иштер министрлигине реформанын кереги жок, толук люстрация керек! Министрдин кызматтан кетишин талап кылабыз!", - дейт укук коргоочу.
Чогулгандардын алдына Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү чыгып, алар резонанстуу кылмышты объективдүү иликтейбиз деп ишендиришти.
Эске салсак, алгач социалдык тармактарда 13 жаштагы кыздын зордукталганы тууралуу маалымат тараган. Андан соң бул кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана бир жаран кармалган.
Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда бул иш боюнча соттук отурум өтүшү керек болчу, бирок ал ушуну менен төртүнчү жолу жылдырылды.
Булак: NazarNews.kg