www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлерин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички  коопсуздук аскер кызматы кылып кайрадан түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Белгилүү болгондой, 2014-жылы аскердик реформанын алкагында Ички Аскерлер  Ички иштер министрлигинин карамагынан чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тутумундагы Улуттук гвардиянын курамына киргизилген.

Турмуш көрсөткөндөй, Ички Аскердин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын курамында болуусу алардын өлкөнүн ички коопсуздугун камсыздоо боюнча күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларын аткарууда мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койгон. 

Ушуга байланыштуу, коомдук тартипти, коомдун жана жеке инсандын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик тутумун жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы №183 сандуу жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясына мурда берилген штаттын, документтердин, имараттардын, курулуштардын, материалдык-техникалык каражаттардын жана башка мүлктөрдүн эсебинен Ички иштер министрлигинин Ички Аскерин түзүү сунушталган. Ошондой эле, жүрүп жаткан ички иштер органдарын реформалоонун жана алардын ишмердүүлүгүнүн  өркүндөтүүнүн алкагында Ички Аскерлерди ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматы кылып түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости