www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ММАнын (аралаш стилде) дагестандык айтылуу мушкери Хабиб Нурмагомедовдун спорттогу карьерасы эки-үч беттештен кийин соңуна чыгышы керек. Бул тууралуу анын атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов ютубдагы “Fight Nights Global” каналына берген маегинде билдирди.

Анда Абдулманап Хабибдин кезектеги атаандашы Тони Фергюсен болоорун жана бул беттеш UFC тарыхында мыкты оюн катары калышын кааларын айтат.

Ал эми Конордун Хабиб менен реваншы, эгерде, дагестандык мушкер менен мушташчу эки мушкер Россияга келүүдөн баш тартса гана болуп калышы мүмкүн дейт.

Хабиб Нурмагомедов UFCтин абсолюттук  чемпионатында жалаң жеңиш менен келе жаткан белгилүү спортчу. 2018-жылдын апрелинде ал аталган уюмдун чемпионатында жеңил салмак боюнча чемпиондукту утуп, кийин ал титулун эки ирет коргоп калган. Биринчисинде чуулуу Конор Макрегорду, экинчисинде америкалык Дастин Порьерди жеңип коргогон.

Учурда Нурмагомедовдун куржунунда 28 жеңиш бар, бир дагы жеңилүү жок. Ал салмак-палмактарына карабай эле, UFCтин рейтингинде экинчи орунду ээлеп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости