www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Брэндон Роуз аттуу австралиялык жаран Твиттердеги жеке баракчасына Кыргызстанга келип Кызыл китепке кирген жаныбарды, тактап айтканда өзү аткан аркар менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн.

Ал посттун астына бишкектик бир кыз анын мындан ары Кыргызстанга кайра кайтып келбешине үмүттөнөөрүн жана ага да мына ушул кайберендикиндей тагдырды каалай турганын жазган. Бирок,    австралиялык мергенчи ага жооп кылып тоо теке жана аркар атуу үчүн Кыргызстанга сөзсүз кайтып келээрин  жазган.

Буга чейин аркар баш болгон сейрек кездешүүчү жандыктарды атууга 10 жылдык мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 40 депутат иштеп чыккан. Анан добушка келгенде ошол 40 депутаттын ичинен 10дон ашууну кайра эле өзүлөрү иштеп чыккан мыйзамга каршы добуш берип салып, жандыктарды атып өлтүрүүгө макулдугун берип, иттиги чыккан. Бул жерде да акча роль ойноп кеткендиги ачык байкалган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускуловдун да тоо теке атып алган аңчылыктагы сүрөтү коомчулукка тарап, эмдигиче  кызуу талкууланууда. Жок болуп кетүү коркунучунда турган жапайы жаныбарларды минтип депутаты баш болуп, туристтери төш болуп четтен ата берсе,   мекенибизди байырлаган тоо жаныбарлар түгөнүп бүтөт го деген ой тынчсыздандырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости