www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пластиктен жасалган идиштер зыяндуу

Ооба, швед окумуштууларынын пластиктен жасалган идиштер менен күнүмдүк тиричиликте колдонулуучу химия затынын кош бойлуу аялдарга тийгизген таасирине изилдөө жүргүзгөндөн кийин ушундай жыйынтыкка келишкен. Изилдөөдө кош бойлуу аялдар канчалык көп пластик идиш-аяк менен тиричилик химияны көп колдонсо, келечекте баланын интеллект коэффициенти да ошончолук төмөн болору аныкталган.

Айрыкча бул эркек балдарга тиешелүү. Мисалы, тазалоочу каражаттарда кездешкен хлорпирифос пестициди менен полифторалкилдик заттар, ошондой эле антибактериялдык самындагы триклозан, түрдүү косметикадагы фталат бойдогу ымыркайдын акылынын өсүшүнө терс таасирин тийгизерин көрсөткөн. Ырас, бул заттар эненин организминде аз гана убакытта болгону менен, бул өсүп жаткан ымыркайга зыяны жетиштүү эле. Ошондуктан балдардын неврологиялык көйгөйүнөн качуу үчүн окумуштуулар кош бойлуу энелерди жогоруда аталган зат менен буюмдарды колдонуудан алыс болууга чакырат. 

Изилдөөнүн жыйынтыктары Environment international журналына жарыяланган.

Нурдан Жайнаков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости