www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын февраль айынын башында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлерине автоунаалардын ичинен буюмдарды уурдоо фактысына шаар четиндеги айылдарда жашаган мурда бир нече жолу соттолгон адамдын тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Көрсөтүлгөн маалыматтар маалыматтарды каттоо журналында катталып, кийинки текшерүүлөр жүргүзүлө баштаган. Ошол убакта уурулук боюнча бир нече фактылар бар болгон. 2019-жылдын 28-январь күнү түнкү маалда белгисиз адам токтоп турган «Лексус-ES» үлгүсүндөгү  автоунаанын арткы терезесин талкалап, ичинен 2500 АКШ долларын, “Canon” үлгүсүндөгү 
фотоаппаратын, уюлдук телефонун, ар бири 3000 сомдук эки энергия 
топтогуч түзүлүшүн уурдап, изин жашырып качып кеткен. Бишкек шаарынын жашоочусу (жабырлануучу) Биринчимай РИИБге арыз менен кайрылып, чыгымга учураткан   жактарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинин  (Уурдоо) негизинде сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган. ИИМдин КМКнын Оор кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иштеринин жана мурда алынган маалыматтын үстүнөн тыкыр иштөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн изине түшүүгө мүмкүн болгон. Тергөөнүн тапшырмасынын негизинде жогорудагы кылмыш ишине шектелген Чүй облусунун  Аламүдүн районунун 1999-жылы туулган Ш.К. аттуу жашоочусу кармалып, Биринчимай РИИБге жеткирилген. Шектүү мурда айдап качуу жана качуу фактылары менен 
соттолгон. Сотко чейинки иликтөөнүн алкагында жүргүзүлгөн кийинки ыкчам-иликтөө иштеринин учурунда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталган.

Болжолдуу маалымат боюнча 2019-жылдын 28-январь күнү Жибек-Жолу көчөсүндөгү үйдүн алдынан  уурулук жасоого аракет кылган.  “Хонда-Фит” 
үлгүсүндөгү автоунаанын терезесин талкалап, бирок, көздөгөн максатына жетпей, окуя болгон жерден качып кеткен.28-январь күнү таңында болжол менен 05:00 чамасында Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсүндөгү үйдүн алдынан 1999-жылы туулган Ш.К. аттуу жаран “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаанын терезесин талкалап, 7500 сом акча каражатын уурдап кеткен. Жогорудагы фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,  сотко чейинки иликтөөлөр жүргүзүлүп жатат. ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча 1999-жылы туулган Ш.К. аттуу жаран Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жазык аткаруу мекемелеринин биринде мурда жазаган кылмыш иши үчүн жазасын өтөп жатат.

Азыркы учурда кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камалып,  иликтөө иштери жүрүп жатат деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости