www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уул балдары, анын ичинен болочок эл өкүлү Исхак Масалиев өлкөнүн бир кездеги биринчи катчысы Абсамат Масалиевге айрым көйгөйлөрдү жаратып койгон учурлары болгон. Бул тууралуу Исхак Масалиев өзү Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, атасы Кыргыз ССРинин биринчи катчысы, неберелерине өзгөчө мамиле кылган.

"Кыздары көйгөй жаратчу эмес, биз, анын ичинде мен атамды убайымга салган учурларым болгон. Бирок неберелерине кылган мамилеси өзгөчө болчу. Бардык аракеттерин кубаттап, эркелетип, эзилип турчу. Мен түшүнчү эмесмин. Ошондо атам: "Кийин өзүң неберелүү болгондо түшүнөсүң, баладан да таттуу", — деп коер эле. Мына азыр өзүм үч неберелүү болуп, бардыгын түшүнүп олтурам. Алардын орду, жыты башка экен. Апам атамдын көзүнчө ашыкча сүйлөп, жумушу тууралуу кеп кылбаганга аракет кылчу. 2000-жылдары атам депутат болуп жүргөн кезде апам анча-мынча сөзгө кошулуп, аралашып калчу. Азыр ойлосом, ошондо атам акырындап "бийликти" апама өткөрө баштаган тура. Негизи акылдуу аялга эркек үй бийлигин өзү эле мөөнөтү келгенде өткөрүп берет экен", — деди Масалиев.

Эл өкүлү атасы Абсамат Масалиев бардык неберелерине бирдей, тегиз мамиле жасагандыгын кошумчалады.

Булак: "Спутник"

Последние новости