www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 15 миң доллар пара алып жатып кармалган УКМКнын тергөөчүсү эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, анын баш коргоо чарасы Октябрь райондук соту тарабынан 22-январда каралган.

«Т.Ы.га карата 2023-жылдын 19-мартына чейин камакка алуу бөгөт чарсы колдонулду. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 20-январда Башкы прокуратура Ош шаарында УКМКнын тергөөчүсү 15 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөнүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости