www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлерине кайрылды

Владимир Путин Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин башчыларына Россиянын Жогорку евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөт аралык кеңеш жана Евразиялык экономикалык комиссияга төрагалык кылышына байланыштуу кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Кремлдин сайтында кабарланды.

"Миңден ашуун жылдардан бери биздин элдер биргеликте жашап, географиялык мейкиндикти бирге өздөштүрүп келе жатат. Тарыхый тагдырды биргелешип түшүнүү, көп кылымдык чарбалык байланыштарды сезип, биримдикке кирген өлкөлөрдүн элдеринин маданий жана социалдык жалпылыгын сактоо, бекемдөө биздин ишмердүүлүктүн ийгилигинин башаты. Россиянын 2023-жылдагы төрагалыгында приоритеттерди ишке ашырууда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн колдоосун жана өз ара тыгыз кызматташууну күтөбүз. Биздин элдердин бакубаттуулугу үчүн интеграциялык кызматташууну өнүктүрүүдө биргеликте салмактуу жаңы жыйынтыктарды жаратабыз", — деп кайрылган Россия лидери.

Эске салсак, Путин буга чейин 2023-жылы ЕАЭБди өнүктүрүү приоритеттерине токтолгон.

"Россиянын төрагалыгы алдында өтө турган саммитте илим, техника жана билимге байланыштуу маселелердин үстүндө иштөөгө басым жасалат. Кесиптештерибизден студенттердин академиялык жана тажрыйбалык алмашуусу тууралуу идеяларды күтөбүз. Интеграциялык күн тартибине ишкердүүлүк, ыктыярчылык, маданият жана спорт жаатында долбоорлорду колдоо менен жаштарды туризм, тарых, социалдык жана этникалык баалуулуктар аркылуу тартууну пайдалуу деп ойлойбуз", — деген ал Бишкекте болгон Жогорку евразиялык экономикалык биримдиктин жыйынында.

Путиндин кайрылуусун толугу менен Кремлдин сайтынан таанышууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости