www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Конституциялык Кеңешме" — деген уюмдун өзү Баш мыйзамда жок нерсе. Мындай пикирин куудул, Жамбыл Камчиев билдирди. 

Мындай уюмду Аскар Акаев 1994-жылы 21-ноябрда ойлоп таап, 157 инсандан турган мыйзамсыз топ менен Конституциянын 97-статьясынын 46сын, бир түндө өзгөртүп, орусча айтканда, "тихий Конституционный переворот" - жасап, мамлекетти аялы экөө каалагандай башкара башташкан. Жыйынтыгы эмне менен бүткөндүгүн жакшы билесиздер...

2010-жылдын июль, август айларында Акаев кетирген катаны Өмүрбек Текебаев кайталап, бул инсан дагы Конституцияда жок, "КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ"- деген топ уюштура коюп, кыргыз элин, коомчулукту он жыл артка сүйрөдү...

Алгачкы легитимдүү 1993-жылкы Конституцияга неге барбады түшүнүксүз? Анын жалгандан эле уюшулган, акчага гана байланыштуу "Парламенттик башкаруу" деп аталган Баш мыйзамын, жалгыз Атамбаев А.Ш. өзү эле тебелеп, тепсеп таштады... Сооронбай (ред. Жээнбеков) болсо, Конституция деген китепчени, ачып окуганга үлгүргөн деле жок.

- Мына, эми, чыныгы Элдик Революциянын адамы бийликке келди, ушул инсан 1993-жылкы Конституция менен иш алып барат!, - деп кубанып турсак, бул жигиттин да башын адаштырышты. Бекбосун Бөрүбашев деген билерман, Акаев аттуу бузуку, калмактын катаасын кайталап, Бишкекте эле жашаган, 50, 60 сасык саясатчыларды топтой калып, "КОНСТИТУЦИОННОЕ СООБИЩАНИЕ" түзүп, эптеп чампалап жаңы Конституцияны жаза салышты.

Конституцияны жазуунун бүткүл дүйнөлүк эрежеси боюнча, өлкөнүн баардык региондорунан өкүлдөр топтолуп келип жазганда гана, "эреже сакталган турбайбы"- деп калмакпыз. Андай болгон эмес. Же Конституциянын негизинде 105 депутат, 105 шайлоо округдарынан тандалып келишип, Конституцияны өзгөртүшсө, мыйзамдуу иш болмок. Болбосо ошол, 1993- жылы, 5-майда кабыл алынган Конституция менен жашай башташыбыз керек эле...

Муну түшүнүп турган Садыр Жапаров, 1993-жылкы Баш мыйзамга эмес, жөн гана 5-майга кайтып барды... Бирок "Конституция легитимсиз болуп калды!"- деп, коркпой-үркпөй бүт дүйнөгө угуза айта алабыз. Баш-аягы 32 жылда, Кыргыз Республикасында, көз көрүнө 6 жолу бийликти узурпациялоо болду. Түрдүү жолдор менен бийликти басып алуунун өзү чоң кылмыш экендиги, Баш мыйзамда жазылган, - дейт Камчиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости