www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда президенттик шайлоо 2022-жылдын 14-майында өтөт. Бул тууралуу президент Режеп Тайып Эрдоган Бурса шаарында жаштардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдиргенин Анадолу агенттиги жазды.

Мамлекет башчысы Түркия үчүн мындан ары да ийгиликтерди жана прогрессти өнүктүрүү абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

«Силерге мурас катары калтыра турган «Түрк доорун» куруу үчүн мындан да көп эмгектенип, күрөшүшүбүз керек. 14-майда боло турган шайлоодо биринчи жолу добуш берүүгө катыша турган силер, жаштарыбыз, анын өкүлдөрү менен жанаша жүргөнүбүз үчүн Жаратканга миң мертебе ыраазымын», - деди Эрдоган. .

Белгилей кетсек. Режеп Тайып Эрдоган 2014-жылдын августунан бери Түркиянын президенти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости