www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары Орусия мектепти алыскы айылдарга эмес, район, облус борборлоруна куруп жатканына нааразы. Бул тууралуу алар Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдиришти.
Белгилей кетсек, депутаттар Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде билим берүүчү биргелешкен билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүүнүн шарттары жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулап жатышат.
Депутат Бактыбек Сыдыков мектептердин баары шаарларда гана курулуп жатканына нааразы болду.
«Борбордо 15 мектеп курулган, андан кийин «Газпром» курган. Баарын Бишкекте кура бергенди токтоткула. Эмне үчүн облусттук борборлордо гана куруп жатасыңар? Алыскы айылдарга да кургула. Балдар фин ыкмасы менен курулган мектептерде окуп жатышат», - дейт Бактыбек Сыдыков.
Билим берүү министрлигинин башчысы министрликтин кызматкерлери аймактарды кыдырып, кайсы айыл жаңы мектепке муктаж экенин аныктаганын белгиледи.
«Бул айылдарга билим берүү мекемелерин куруу үчүн эл аралык фонддорду сунуштаганбыз. Ал эми Орусияны алсак, облус боюнча 20дай аймакты сунуштаганбыз, бирок алардан акча алып жаткандыктан, алардын сунуштарын, тандоолорун угууга аргасыз болдук», - дейт Уланбек Мамбетакунов.
Министр мектептер курула турган жерлер буга чейин тараптар тарабынан макулдашылганын жана өзгөртүүгө жатпай турганын баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg