www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Кыргызстанда тогуз мектеп куруп, директорлорду кыргыз тарап менен макулдашуудан кийин Россия Федерациясынын жарандарынын арасынан дайындайт. Бул тууралуу парламенттин социалдык саясат боюнча жыйынында билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов билдирди.

Белгилей кетсек, депутаттар Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде билим берүүчү биргелешкен билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулап жатышат.

Уланбек Мамбетакуновдун айтымында, мектептер:

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда;
Ош шаарынын «Түштүк-Чыгыш» кичи районунда,
Чүй районунун Новопавловка айылында «Ак-Ордо» жаңы имараты;
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында;
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин аймагында;
Ош облусунун Өзгөн районундагы Прогресс айылында;
Баткен районундагы Айгүл-Таш участкасында;
Талас облусунун Манас районундагы Бала-Саруу айылында;
Нарын шаарындагы Жапаралиев атындагы парктын аймагында курулат.

Билим берүү министрлигинин башчысы ар бир мектепти куруунун орточо баасы 450 миллион рублди түзөрүн, аларды пайдаланууга берүү мөөнөтү үч жыл экенин баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости