www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын дарыялары дүйнөдөгү эң арзан токту берет! Светтин баасы көтөрүлсө эле свет өчпөйт – деген Жапаровдордун, Ширшовдун жомогу! Бул тууралуу камакта отурушкан Кемпир-Абадчылардын кайрылуусунда айтылат.

"Урматтуу мекендештер!

2010-жылкы кышка карата “тезек терүү” боюнча берилген президенттин тапшырмасы, Максим менен Ширшовко баш ийген өкмөт тарабынан аткарылбай, 2010-жылы январь-февраль айларында электр жарыктары азыркыдай жапырт өчүрүлө баштаган.

Максим-Ширшов өкмөтү болсо: 2010-жылдын 1-январынан тарифтерин көтөртүп алып, электр тармагын менчиктештирүү, токтун баасын эки эсеге, июнь айынан беш эсеге көтөрүү чечимин кабыл алышкан. Мындай чечимге биринчилерден болуп Нарын шаарында “21” уюм тарабынан 2010-жылдын 24-февралында нааразычылык митинги өткөрүлгөн.

Митингге ошондогу Максим-Ширшов өкмөтүнүн 1-вице премьер-министри Акылбек Жапаров катышып, ага 10 күндүн ичинде:

1) Электр жана жылуулукка болгон тарифтерди кайра карап чыгуу менен мурунку абалына келтирүү;

2) Бийик тоолуу аймактардагы калкка болгон кошумча 50%дык төлөмдөрдү  өзгөрүүсүз калтырылсын;

3) 110 к/ваттык жеңилдиктер кайрадан өз ордуна – деген талаптар берилген.

А.Жапаров ошондо “10 күндө чечем” – деп убада берип, бирок чече албагандыктан, аны нарындыктар: “А.Жапаров Нарынга кирбесин” деген чечим алышкан.
Дал ушул нарындыктар биринчилерден болуп көтөргөн маселе 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияга алып келип, бул маселе революциядан кийин Убактылуу өкмөттүн "декрети" менен гана чечилген.

Тарых кайталанууда.

Элдин каршылыгына карабай, 2010-жылдын январында “Түндүк электрди” 3 млн долларга, “Кыргызтелекомду” 40 млн долларга менчиктештирип алууга, светтин баасын январдан эки эсеге, июндан баштап беш эсеге көтөрүүнү ошондо А.Ширшов чечтирип алган.

Ошол Ширшов азыр Президент С.Жапаровдун “кызыл китебине” кирип, жеке коргоосуна алынды. Эл арасындагы: “Кыргызстанды Максим менен Ширшов башкарып жатат” – деген сөздүн чын экени күн өткөн сайын далилденүүдө!

2006-2010-жылдары Максим менен Ширшовдун “бригадасында” жүрүшкөн:

- Ал заманда Максим менен Ширшовдун коррупцияга каршы комиссары Садыр Жапаров – азыр Президент, Ширшовдун жеке адвокаты;

- Ошондогу 1-вице премьер-министр Акылбек Жапаров – азыр өкмөт башчы;

- Ошондогу ӨКМ министри Камчыбек Ташиев – азыр вице-премьер-министр, УКМКнын төрагасы – башкы кустургуч жана коррупция менен күрөшкүч;

- Ошондогу министр Бакыт Төрөбаев – азыр энергетиканы тейлеген вице-премьер-министр ж.б.

Ушулар кантип Ширшовго күчү жетет? Буларды Ширшов торпогунда сүзүп койгон.

Бир нече кылмыш иш менен издөөдө жүргөн, сыртынан соттолгон Алексей Ширшов бир нече министр, башка чиновниктерди эле кызматка койдурбай, мурда улутташтырылган Максимдин, өзүнүн обьектилерин, анын ичинде электр тармагын да кайра ээлөө аракетинде.

Президент өзү кепил болуп турса, Ташиев “камамыш” болуп, элди сооротуп турса, вице-премьер министр Б.Төрөбаев менен энергетика министри Ширшовго кантип кызмат кылбасын?!

Ширшов электр тармагын 2010-жылдагыдай кайра алат, тарифтерди көтөртөт. Ага кошуп башка улутташтырылган: “Кыргызтелеком”, “Мегаком”, Аврора-Плюс” ж.б. дагы алат. Светтин өчүрүлүшү атайын “баасын көтөрүү үчүн” болуп жатат.

Кыргызстандын дарыялары дүйнөдөгү эң арзан токту берет! Светтин баасы көтөрүлсө эле свет өчпөйт – деген Жапаровдордун, Ширшовдун жомогу!

Жакында А.Жапаров 2010-жылдын кышындагыдай “Камбар-Ата ГЭСинин” ачылышын “Ваше Превосходительство” – деп К.Бакиевге пультту бастыргандай, эми суу башына чыккан Өзбекстандын президенти Ш. Мирзиёевге пульт бастырса да таң калбагыла. Азыркы бийлик ошого бара жатат.

Ошол Максим-Ширшов болбогондо кубаттуулугу: 1900 мегаватт Камбар-Ата -1 (Токтогул ГЭСиники-1200 мегаватт), кубаттуулугу 369 мегаватт болгон Камбар-Ата-2 ГЭСтери үчүн Россия тарабынан 2009-жылы Кыргызстанга бериле турган 2 млрд АКШ долларындагы жеңилдетилген кредитке, ал ГЭСтер алда качан толук курулуп бүтмөк.

Биз түрмөдө мыйзамсыз отурган Кемпир-Абадчылар – Кыргызстандагы бардык прогрессчил, демократтык күчтөрдү Максим-Ширшов бийлигине каршы турууга чакырабыз.

Айрыкча парламенттик оппозиция көчө оппозициясы жана мыйзамсыз түрмөдө жатышкан түрмө оппозициясы биригели!

Биз бийлик үчүн эмес, же бийликти кетирүү үчүн эмес – бийликтин Ширшовго, Акаевге, Максимге окшогондорго, кошоматчы, кускуч коррупционерлерге – кепилдик кылып жаткан саясатына каршы туруу үчүн;

- Мамлекеттик бийликтин элди бөлбөй – жалпы коомго, элге бирдей кызмат кылышы үчүн;

- Эң жогорку бийлик адамдар тарабынан адамдын тубаса укугу менен эркиндиктери бузулуп, сүйлөгөн сөзү, айткан пикири, ою үчүн куугунтукталып жатканын токтотуу үчүн;

- Кыргызстанга жеке өзүм билемдик бийликтин ар кандай түрүнө жол бербей демократиялык, укуктук Кыргызстандын келечеги үчүн, бүгүн биригүүгө милдеттүүбүз!

Мыйзамсыз камакта отурушкан Кемпир-Абадчылар!", - деп жазылган кайрылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости