www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында 66 кишиден пневмония, 11 адамдан коронавирус аныкталды.

Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Бишкектин жана Чүй облусундагы убактылуу кармоочу жайларды кыдырып чыкканда белгилүү болгон.

Аталган борбор билдиргендей, адистер камералардын толуп калганына, кармалган айрым адамдар полдо жаткан учурларга күбө болушкан. Мекеме убактылуу кармоочу жайда отургандардын жугуштуу ооруларды, коронавирус жугузуп алуу коркунучу жогору экенин эскертти.

«Бардык убактылуу кармоочу жайларында медицина кызматкеринин штаты жок. Шаардык милициядагы жалгыз фельдшер өзү да пневмония жугузуп алган. Пандемияда компенсация алган эмес», - деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле жабык жайларда кармалгандарга катаал мамиле жасалары, аларга таза суу тургай жуунганга суу да берилбей турганы, айрымдар кыйноого кабылып жатканы белгиленген.

Чүй облусунун Жайыл райондук милициясында кармалгандарга бир күндө бир эле маал тамак берилип жатканын сындаган.

Кыйноонун алдын алуу борбору 16-мартта «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюму менен биргеликте убактылуу кармоочу жайлардагы абалды талкуулады. Ага ИИМ, Акыйкатчы институту, ЖАМК, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү, Юстиция министрликтеринин, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү катышты.

ИИМ Кыйноонун алдын алуу боюнча борбордун маалыматына комментарий бере элек. Негизи Кыргызстанда убактылуу кармоочу жайлардагы шарт өтө начар экени көптөн бери айтылып келет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости