www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын күзүндө өкмөт башына келген мезгилде экономикалык санкцияларды кийирип Садыр Жапаров туура пикирлерди айткан. Мамлекетке экономикалык пайда алып келе тургандарды камап түрмөлөрдү толтуруп кереги эмне, андан көрө алар мамлекетибиздин казынасын толуктасын, биздин мамлекет тышка болгон карыздардан кутулалы деген. Учурда карыздардан кутулуу боюнча иштер туура жолдо жүрүп баратат. 2021-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан 5 миллиард 457,8 миллион сом карызынан кутулду. Төлөнгөн каражаттын 3 миллиард 049,4 миллион сому тышкы карызды жана 2 миллиард 408,4 миллион сому ички карызды жабууга жумшалган. Өткөн жылдын аягында  мамлекеттик карыздын суммасы 4 миллиард 954,11 миллион долларга же биздин улуттук валюта менен эсептешкенде 420 миллиард 108,67 миллион сомго жеткен. Анын ичинен 85,2 пайызы же 4 миллиард 221,61 миллион доллары (357 миллиард 992,44 миллион сом) тышкы карыз. Ал эми 14,8 пайызы же 732,5 миллион доллары (62 миллиард 116,23 миллион сом) ички карыз. Мындан сырткары, өлкө бюджетине январь-февраль айларында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан 4 миллиард 520,03 миллион сом түшкөнү белгиленди.

2023 - жылдан баштап тышкы карыздарды төлөө көбөйөт

Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган иш сапары тууралу анын пресс-катчысы Байтерек маалымдап жатат. Бирок, тышкы карыздардан кутулуунун жолу боюнча аз маалыматтар болууда. Эки жылдан кийин Кыргызстан үчүн тышкы карызды төлөөнүн эң оор учуру башталат. Былтыр ички жана тышкы карызды төлөөгө 400 миллион доллардын тегерегинде каражат жумшасак, 2027-жылы тышкы гана карызга ушунча акча керек болот. Кыргызстан 2023-2031-жылдар аралыгында мамлекеттик карыздан кутулуу үчүн көбүрөөк төлөп, 2027-жылы эң көп акча төлөнчү жыл. Бул жылдары бюджет кайсы каражат булактары менен толтурулат, казына бөксөрсө башка социалдык төлөмдөр кармалбайбы, пенсия, жөлөк пулдарды төлөө кыйындабайбы?

Кыргызстандын эң ири кредитору — Кытай. Карызыбыздын 45 пайызын дал ушул коңшудан алганбыз. Тагыраак айтканда, 3,8 миллиард доллар бересе болсок, анын 1,7 миллиарды — Кытайдын акчасы. Эл ичинде "Кытай алдында карызыбыздан кутула албасак, жерлерибизди алдырып ийишибиз мүмкүн же Кытай аскер базасын орнотушу ыктымал" деген пикир бар. Учурда Кыргызстан карыздан мөөнөтүнөн кечиктирбей кутулуп жатат. Мындай шартта эч ким жерибизди ала албайт. Кытайдын насыя берген Экспорттук-импорттук банкынан жыл сайын адистер келет. Алар карыздан кутулууга толук мүмкүнчүлүгүңөр бар деп айтканы бир жагынан кубантат.

Экономика жана финансы министрлиги эмне дейт?

Эксперттердин айтымында карызды төлөй албай калабыз же ички керектөөлөргө акча жетпейт деп чочулоого негиз жок. 2027-жылы төгүлө турган 400 миллион доллар акча деле чоң сумма эмес, азыр деле биз тышкы карызга мунун тең жарымын төлөп келе жатабыз. Биз 400 миллион төлөчү учурга чейин алты жыл бар. Ага чейин экономикабыз алда канча өсүп калат деген божомолдор айтылууда. Анткени алты жыл мурдагы абалыбызды көрсөңөр, азыркы менен салыштырып болбойт. Андыктан карызды төлөөгө келгенде бюджеттик секторлорго акча калбай калат деген түшүнүк болбошу керек дешет эксперттер.

Мындан тышкары, ал мамлекеттик карызы ички дүң продукциясынын (ИДП) 250 пайызын түзгөн Япония ички карызынан кутулуу үчүн баалуу кагаздарды чыгарганын кошумчалады. Ошол эле учурда кайра Күн чыгыш өлкөсүнүн ички карызы жалпы бересесинин 99 пайызын түзөрүн эске салды. Ал эми биздин ички карыз 16 гана пайызды түзөт же 722 миллион доллар. Андыктан бул көрсөткүчтөрдү салыштырып болбойт.

Пикирлер көп...

"Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" дегендей, элдин алдын ала тынчсызданып жатканы туура. Анткени ар кандай жагдайларга даяр болуп, бир нече сценарий түзүп коюшубуз керек. Бирок азыр анчалык кооптончу абал эмес. Дүйнөлүк банктын кызматкерлери мамлекеттик карыз ИДПнын 60-70 пайызынан ашпашы керек деп эсептейт. Бирок бул туруктуу өнүгүү жолундагы өлкөлөргө карата айтылган. А биз жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкө экенибизге карабай, карызыбыз ИДПнын 65 гана пайызын түзөт.

Азыркыдан эки эсе көп төлөп калчу учурдан көйгөйсүз өтүү үчүн атайын программа иштеп чыгуу керек. Биринчиден, бюджеттин дефицитин жоюп, ал тургай профицитке жеткиришибиз керек. 2007-жылы Бакиевдин заманында мамлекеттик бюджетти түзгөн учурда гана Кыргызстан профициттүү бюджетти түзө алган. Экономикабыз өсөт, бирок ага жараша толгон-токой талаптарыбыз бар. Мисалы, кура турган жолдор, курууга, ремонтко муктаж болуп жаткан ГЭСтер, мектеп, оорукана сыяктуу социалдык объктилер. Керек болсо бул талаптарыбызга өзүбүз тапкандан дагы көп акча керек. Демек биз карызды төлөө үчүн экономиканын өсүшүнөн түшкөн акчаны төлөйбүз деген туура эмес прогноз, керек болсо элди алдагандык.

Кээ бир мамлекеттер карыздарды азайтууга барып жатат

Сооронбай Жээнбековдун убагында Экспорттук-импорттук банкы менен карызды кечүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп, бирок Кытай тарап кийин "карызды төлөп берүүгө дараметиңер жетет" деген таризде биздин өтүнүчтөн баш тарткан. Карызды кыскартуулар боюнча Германиянын KfW банкы менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Анда кыргыз тарап карызын конверсиялоого жетишкен. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин 14,9 миллион еврону (жалпы карыз 76,3 миллион) кыскартып беришти. Башкача айтканда, ошол каражатты өз бюджетибизден таап, алардын атынан Мамлекеттик ипотекалык компанияга салабыз. Демек каражат өлкөнүн ичинде калган.Өкмөт бул каражатты МИКке үч жыл ичинде ар жылы 5 миллион доллардан салууну пландаган. Албетте, бул жакшы кабар. Бирок биз KfW банкынан тышкары 20дан ашык эл аралык уюмдардан алганыбызды кайтарып беришибиз керек. Болгондо дагы максималдык төлөмдөр жакынкы жылдарга туура келет.

Миллиарддаган сом мамлекеттик казынага төлөгөндөргө бут тоспосок, мамлекет тышкы карыздардан кутулат

Кыргыздын жигиттери чамынса, миллиарддаган сом мамлекеттик казынага төлөгөндөргө бут тоспосок, мамлекет тышкы карыздардан кутулары бышык. Кыргыз жарандары канча акча төлөгөнү тууралуу маалыматтар чыгып турса, эл бюджетти толтургандарга ыраазы болуп, акчасын аяп жаткандар да кимдер экени белгилүү болмок. Садыр Жапаровдун тышкы карыздардан кутулуу боюнча оюн колдоп, 2020-жылдын 20-октябрында Башкы прокуратура менен Раим Матраимовдун ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүлгөн. Ошол эле күнү бул келишим Биринчи май райондук соту тарабынан бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин (УПК) 496 беренесинин 2 пунктунун негизинде кызматташтык боюнча түзүлгөн келишимдин шарттарын айыпталуучу толугу менен аткарганын  мамлекеттик айыптоочулар тастыкташкан. Мамлекеттик айыптоочулар Ражабалиева.Н, Боронбаева.А тарабынан 2 000 009 635 сом өлчөмүндө мамлекетке төгүп берүү маселеси каралган. Кызматташуунун негизинде Матраимов.Р тарабынан 2 000 009 635 сом, 12 000 000 жана 8 000 000 сом төлөнүп берилген. Кызматташуу тууралуу келишимде түзүлгөн шарттар боюнча Матраимов тарабынан бардык шарттар сакталган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости