www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Уттар-Прадеш провинциясында 5 балалуу киши ишемби күнү кечинде баласынын жынысын билгиси келип, кош бойлуу аялынын курсагын жарган. Бул тууралуу indyturk.com маалымат порталы жазды.

Айтылгандарга ылайык Некпур шаарында жашаган бул кишинин айбанча жасаган кыймылын аялынын бул жолу эркек төрөп-төрөбөй тургандыгын билүү үчүн ишке ашырган.

Аймактык полициянын улук кызматкери Правин Сингх Чаухан аялдын оор жаракат алып, Паналал аттуу кишинин кармалганын жана учурда окуяга байланыштуу себептер такталып жатканын билдирди.

Bareilly ооруканасында дарыланып жаткан аялдын үй-бүлөсү Паналалдын эркек балалуу болгусу келип, баласынын жынысын билүү үчүн ушул ишке барганын билдиришти.

NDTV маалымат булагы берген кабарга ылайык жергиликтүү эл  жабыр тарткан аялды жакын жердеги ооруканага алып барып, оор абалдагы аял ал жерден дароо Bareilly ооруканасына жеткирилген.

Полиция кызматы аялдын 6-7 айлык кош бойлуу экенин маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости