www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочу Динара Ошурахунова бийликтен үгүт учурунда талапкерлерге кол салгандардын өздүгүн аныктоону талап кылганын Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Шашылыш түрдө Мампрокуратурадан үгүт иштеринде кол салгандардын өздүк маалыматтарын тактоону талап кылабыз. Бийлик, үгүт иштериндеги бардык партия, катышуучулар жана жарандарын коргоп, тынчтыкты сактоого милдеттүү. Кол салгандардын кайсы бир партия менен байланышы аныкталса, ал партияны четтетүү керек. Шайлоону криминалдаштырууга жол берилбеши керек. Буга бийлик жооптуу!"

Эске сала кетсек, 20-сентябрда Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат менен ооруканага түштү. Бирөөнүн абалы оор экенин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости