www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-мартта Индиянын Тихар түрмөсүндө төрт киши дарга асылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Алар борбор шаар Нью-Делиде 23 жаштагы студент кызды зордуктап, өлтүрүүгө айыптуу деп табылган.
Белгилей кетсек, Индия өкмөтү жыныстык кылмышка каршы жазаны күчөтүп, зордуктоо үчүн айрым учурда өлүм жазасын колдонууну киргизген эле.
Эске сала келсек, кылмыштуу окуя 2012-жылы 16-декабрда кечинде болгон. Студент-физиотерапевт кыз жигити менен автобуста баратканда кылмышкерлер аларды катуу ур-тепкиге алып, кызды зордукташкан. Андан соң экөөнү тең жол жээгине таштап кетишкен. Алган жараатынан улам кыз эки жумадан кийин көз жумган.
Булак: NazarNews.kg