www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Олимпиада оту Японияга өткөрүлүп берилди

Бүгүн, 20-мартта Олимпиада оту көрүүчүсүз Япониянын Аскер-аба күчтөрүнүн Мацушима базасына жеткирилди. Бул тууралууу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Токио-2020 оюндарын уюштуруу комитетинин башчысы Ёсиро Мори Олимпиаданын күн тартибинде өзгөрүү болбой тургандыгын билдирди. «Эл аралык Олимпиада комитети жана жапон өкмөтү тыгыз кызматташып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеп-кеңештерин угуудабыз. Биз Оюндардын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү үчүн олуттуу даярдык көрүүдөбүз»,-деп билдирди уюштуруу комитетинин башчысы.

Белгилей кетсек, Кытайдын Ухань шаарынан тараган короновирус 3 ай ичинде эле 150дөн ашык мамлекетке жайылып кеткендигине байланыштуу, апрель-май-июнь айларындагы айрым эл аралык спорттук мелдештер башка убакытка жылдырылып же токтотулган. Ушундай шартта июль-август айларына белгиленген Олимп оюндарын жылдыруу тууралуу сунуш да айтылып келет.

Ал эми, Токио-2020 оюндарына көрүүчү жана спортчуларды кошкондо 600 миң чамалуу адам келери күтүлүп жаткан.

Эске сала кетсек, өпкөнү сезгенткен жаңы вирус дүйнө жүзү боюнча 250 миңге жакын адамга жугуп, он миңден ашуун адамдын өмүрүн алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости