www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Жогорку Радасынын мурунку депутаты Елена Бондаренко “Наш” телеканалында  коронавирус тууралуу сөз болуп жатканда “бул кандайдыр бир фейк” деп билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Украина.ру  Телеграм-каналы мурунку депутаттын социалдык тармагына шилетеме берип, кабарлады.

“Кечээ, 19мартта кайра маселе көтөрүп...коронавирус. Барган сайын мен көбүрөөк ишенбей жатам. Башында, көпчүлүк элдердей эле “Ой, кандай коркунучтуу!” деп ойлоп жаткам. Азыр бизди жөн эле колдонуп жатышат деп шек санап жатам”,-дейт мурунку депутат.

Буга чейин, Бондаренко “Наш” телеканалында пандемия тууралу сүйлөп жатып, “Бул кандайдыр бир фейк-канчалык көп уккан сайын, ошончолук түшүнүп жатам”,-деп айткан.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк Саламатыкты сактоо уюму 11-мартта коронавирусту пандемия деп жарыялаган. Дүйнө жүзү боюнча 168 өлкөдө 209 миң адам вирусту жуктурган жана 8,7дөн ашуун адам каза тапты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости