www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин мурдагы төрагасы Абдышукур ажы Нарматов бүгүнкү жума намазга мечитке эч ким келбегенин айтып, көзүнө жаш алган видео-тасмасы тарады. Бул тууралуу nasaat.kg Инстаграммдагы өзүнүн баракчасына жарыялаган.

"Урматттуу мусулман бир туугандарым! Бүгүнкү жума өзгөчө жума. Башка жума күндөрүнө окшобойт. Бүгүн мечиттер жамааты жок. Мечитте рүкү, сажда кылган, жаратканга жалбарып дуа кылган, жүздөрүнөн ыйман нуру келген аксакалдар жана жаштар, ыймандуулардын жамаатынан бош болгон өзгөчө жума. Бүгүн жаратканга жалбарып ыйлай турган жума", деп Нарматов айткан.

Эске сала кетсек, коронавирус оорусу адамдар көп чогулган жерлерде таркалуусу коопту болгонуна байланыштуу, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кырдаал турукташканга чейин Жума намазы убактылуу токтотулсун деген чечимин кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости