www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

USAID коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга 66 миллион сом бөлүп берди. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган каражат COVID-19 пандемиясынын Кыргызстанда жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн атайын үч уюмга бөлүнгөн.

“Өзгөчө инфекциялык контролго, ооруну алдын алууга, аныктоого, диагностикага, даарылоого жана коомго маалымат берүүгө  багытталат. Бул артыкчылык багыттар жана иш-чаралар Саламаттыкты сактоо министри менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан макулдашылып, иштелип чыккан”,-деп элчиликтен билдиршти.

Биринчи грантты Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму алат. Анын кызматкерлери иштин жүрүшүнө, клиникалык даярдык, лабороториялык, эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана жеке коргонуу каражаттарына багытталат.

Экинчи алуучу- Abt Associates уюму тарабынан ишке ашырылган жергиликтүү саламаттыкты сактоо системаларын жакшыртуу программасы. Жардам профилактикага, инфекцияны контролдоо үчүн,  активдүү байкоо жүргүзүү жана иштерди аныктоого колдонулат.

Үчүнчү алуучу-Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун Эл аралык федерациясы. Жардам вирустан кантип сактануу керектиги жөнүндө маалыматты берүүгө, вирусту жуктуруп алышы мүмкүн болгондорду көзөмөлдөөгө багытталат.

Элчиликтен билдиргендей,  бул өзгөчө камсыз кылуу пакети мурда USAID уюмунан Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилген жеке коргонуу жабдууларын толуктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости